22:59
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Эмне үчүн Орусия Борбордук Азия өлкөлөрүнө таңуулоону улантууда

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамына карата сын-пикири кыргызсегментте кызуу талкуу жаратты.

Анын «анчалык демократиялык кадам эмес» жана «кыргыз досторубузга бир нече жолу эскерткенбиз» деген сөзү шовинизм катары бааланды.

Өлкө президенти Садыр Жапаров дагы четке калбай орус министрине жооп берди. Ал мыйзам орус тилине каршы келбестигин жана андагы талаптар мугалимдерге жана дарыгерлерге тиешеси жоктугун айтты.

Белгилей кетсек, кыргыз тилин билүүгө милдеттүү кызмат ээлеринин катарына билим берүү жана медициналык мекеменин өкүлдөрү дагы кирет.

Бирок кеп мыйзам боюнча эмес, кайсы бир өлкөнүн эгемендүү Кыргызстандын чечимдерин сынга алып, сыйлабастыгын көрсөтүп жатканында.

Унчукпаган ТИМ

Орусиянын тышкы иштер министринин билдирүүсүн кыргыз кесиптештери жоопсуз калтырды. Өткөндө Европарламенттин резолюциясына дароо реакция жасаган мекеме бул жолу үн катпады.

Саясатчы талдоочулар айтымында, орус дипломаттардын Кыргызстанга акыл үйрөтүүсүн жоопсуз калтыруу ТИМ адатта айлантып алды. Ага таң калуунун кереги жок дешет.

Эксперт Эмил Жураев Орусия Кыргызстан менен эч качан теңата сүйлөшпөгөнүн айтат. Бийлик Украинадагы согушка каршы чыккан орус активисттерин өткөрүп берип, Орусиянын мыйзамдарынан көчүргөн «ЖМК жөнүндө» жана «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун түрткүлөсө дагы Садыр Жапаровду Кремль жакын кабыл албай койду. Мына ушундан улам Москва бой көтөрүп, орой сүйлөгөө жол берип жатат.

«Кыргызстан өзүнүн дипломатиялык, маданияттуу жана орой өнөктөштөрүнө дароо эле кескин жооп берсе жакшы болмок. Бул өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жолун көрсөтөт. Кыргызстанда Сергей Лавровго жакпаган мыйзам кабыл алынып, ал иш жүзөгө ашары дагы — бул Орусия алдында өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо болуп саналат», — дейт Эмил Жураев.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Батыштын жана Орусиянын акыркы кадамдарына карата жасаган кадамы өлкөнүн коопсуздук маселесине келип такалат.

«Орусия Федерациясы — Кыргызстандын бир нече уюмдарда өнөктөшү. Балким Тышкы иштер министрлиги ачык карама-каршылыктан карманып, Кремль менен жылуу мамиле жана түшүнүү менен карым-катнашты жүргүзүү аракетин көрүп келет», — дейт ал.

Албетте Кыргызстан эгемендүү саясат жүргүзүшү керек. Бирок Орусиядан көз-каранды болгон жагдайларды дагы унутпаш керек. Бул — аймактык коопсуздук, коргонуу, азык-түлүк коопсуздугу жана социал-экономикалык тармак.

Таттыбүбү Эргешбаева

«Карнеги» институтун Берлиндеги борборунун кызматкери Темур Умаров Борбордук Азия өлкөлөрүндө баары саясый авторитардык режим экенин эске салат. Бийлик өкүлдөрү Владимир Путинди үлгү тутуп, Кремлге жаккан саясат жүргүзүүгө тырышат. Андан тышкары Орусиядан экономикалык жактан көз-карандылык.

«Аймакта орус энергобизнеси активдүү иш алып барат. Бийликте турган адамдар советтик доордо тарбияланып калышкан жана орус тилинде сүйлөшөт. Андан тышкары, миграция жаатында дагы Орусиядан көз-каранды. 2022-жылы Орусиядагы Борбордук Азия мигранттарынын саны 10 миллионду түздү.Жакынкы жылдары аймак Москвадан бөлүнүп, ага каршы чыгарын күтүүгө болбойт», — дейт Темур Умаров.

Кайырмак

Орусиядагы акыркы окуялар менен бирге «Вагнер» тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин көтөрүлүшү дагы саясый элитанын Кремлге карата көз-карашын өзгөртө алган жок. Дагы эле ачык жана так пикирлер айтылбай, аймактагы кырдаалга баа берүүдөн карманып келишет.

Талдоочулар мамлекеттерди өз эгемендигин бекемдөөчү жагдайларга көңүл бурууну сунуштайт.

Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, толук көз-карандысыздыкка жетүү үчүн соода-экономикалык байланыштан сырткары, ички жарандык институттарды өнүктүрүп, сөз эркиндигин жана медианы колдоого алуу зарыл. Бул компоненттер өлкөдө саясый ачыктыкты жана жоопкерчиликти камсыздайт.

«Өлкө өзүнүн улуттук каада-салтын, маданиятын өнүктүрүшү керек. Чечимдер мамлекеттик жана улуттук кызыкчылардын алкагында гана кабыл алынышы зарыл. Мамлекеттик жана аймактык саясатта эгемендиктин талаптары киргизилиши керек», — дейт ал.

Кантсе дагы Москва жакынкы жылдары мурдакы совет өлкөлөрү менен теңата сүйлөшүп, башкаруучу «өнөктөштүктөн» баш тартаары күмөн.

Тарых сабактары

Заманбап Орусияда империялык мүнөздүн себептерин адатта СССРдин жана чыгыш блоктун кулашынан издешет. Атүгүл 90-жылдары Орусияны Веймариялык Германия менен салыштырышкан.

Орусиянын азыркы саясый режими «тарыхый адилетсиздикти орнотууга» жана «Батыш менен АКШга таарынычты» ишке ашырууга багытталган.

Талдоочулардын божомолунда, кырдаал Украинадагы согуш аяктагандан кийин гана өзгөрүшү мүмкүн. Андан дагы качан гана Орусиянын саясый күчтөрү ойгонуп, ири державанын кубаты качканынан өз кызыкчылыганда колдоно ала турган топтор баш көтөргөндө КМШ чөлкөмүндө, аны менен Борбордук Азия менен мамиле оң жагына бурулушу ыктымал.

Эң көп окулган жаңылыктар