03:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эмне үчүн мурдакы СССР республикалары Москванын колониясы болгусу келбейт

Азыркы Орусиянын СССР менен окшоштугу жок эсе. Ал коммунисттик иделогиядан баш тартып, экономикасы капиталисттик багытка бурулуп, олигархтардын бийликке таасири күч.

Бирок, аны менен бирге акыркы жылдары коомчулугунда «Союз курагандан кийин айрым өлкөлөргө «байыркы орус» жерлери өтүп кеткен», — деген сыяктуу маанай күчөөдө. Бул коомдо, медиада гана айтылбастан, саясый чөйрөдө дагы белгиленип жатканы маалым.

«Мындан улам Украинага аймактык доо коюлуп, анын айрым жерлери күч менен тартылып алынды. Украина менен Орусиянын ортосундагы азыркы согуштун негизги себеби — бул Орусия 1991-жылкы чек арага байланыштуу келишим боюнча өз оюн өзгөртүп, жер талашып жатканы. Бул XVIII-XIX кылымдагы колониялык согуштун эле өзү», — дейт Саясый-укуктук борбордун жетекчиси Тамерлан Ибраимов.

2001-жылы америкалы иликтөөчү Давид Чиони Мур макаласында постсоветтик өлкөлөрдү мурдакы колониялар катары сыпаттаган. Ал аны бул республикаларда узак убакыт орус тили жана орус империялык маданияты үстүмдүк кылганы менен түшүндүргөн.

Жергиликтүү элита империялык түзүмгө карай түзөлүп, улуттук тилде сүйлөгөндөр сабатсыздар катары кабыл алынган.

Аналитиктер, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Молдова, Беларусия жана Украинаны өзгөчө категорияга бөлүшөт: бул өлкөлөрдөгү колониализм Кавказ, Алыскы Чыгыш, Борбордук Азия жана Чыгыш Европадан айырмаланып турган.

Давид Чиони Мур советтик колониализм Британия менен Францияныкынан айырмаланып турарын айтып, аны орусташтыруунун «цивилизациялуу» максаты катары көрсөтөт.

Советтик коммунизм дыйкандар менен жумушчуларды Орус империясынын алкымынан бошотууну убадалаган. Башында убадасынын айрым бөлүктөрүн аткарган. Айрыкча 20-жылдардын жарымында улуттарды колдоого алган саясат жүргүзгөн. Аларга эне-тилинде гезит, китеп чыгарууга уруксат берилип, эне тилинде мектеп, университеттерди түзүүгө жол ачкан. Улуттук маданиятты жана илимди өнүктүрүүгө тоскоолдук деле жок болчу, бирок ал социалисттик маанайда болушу шарт эле.

Бирок, 30-жылдардын башында Иосиф Сталин СССРдин саясатын жаңы нукка буруп, орусташтыруунун жаңы доорун баштайт.

Тоталитардык коммунизм бир жагынан жеңилдик бергени менен экинчи тараптан катуу көзөмөлдөп турган.

«Биз тилдик саясатты, бирдейликти 70 жыл басынтуудан улам пайда болгон экономикалык жана маданий теңсиздик жөнүндө айтып жатабыз. Бул аракеттер дагы эле улантууда. Колониялык саясаттын кесепети ушул эмеспи? Биз мында теңдик жөнүндө айта албайбыз», — дейт саясат тануучу Эмил Жураев.

Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөштүктү Кремль борборго катары кошумча жаралган сателлит (формалуу көз карандысыздык) катары кабыл алат.

Эмил Жураев.

Мындан улам, империялык борбор өзүн колонияларга каршы койгондо гана «цивилизация» катары эсептейт. Колония жок болсо цивилизация дагы жок.

«Цивилизациялоочу» максат зордук-зомбулуктук баардык түрүн актайт, анткени ансыз империялык тартипти орнотуу мүмкүн эмес.

Баяндоо:

Украинада аскер аракеттери башталгандан бери Кыргызстандын талдоочулары кошуна өлкөлөрдөгү коллегалары менен бирге Орусиянын империялык дымагы жөнүндө көп айтып башташты.

Талдоочулардын баамдоосунда, Кремль СССР кулагандан кийин дагы импералиялык максатынан айрыла алган жок. Андыктан аны кайра мурдакы калыбында жанданта албаса дагы, жарым-жартылай болсо дагы ишке ашырууну көздөйт. Серепчилер, «жумшак күчтөр» мурдакы совет өлкөлөрүнүн ишине кийлигишип жатканын мисал катары көрсөтүшөт.

Украинада болуп жаткан окуялар Москва постсоветтик өлкөлөрдү дагы эле колония дагы эсептерин көрсөтөт.