10:22
USD 87.40
EUR 102.18
RUB 1.16

Бүгүн Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 27-апрелде саат 2.30да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Коргон айылынан түштүк-чыгышты көздөй 21 чакырым, ал эми Баткен шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 62 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Коргон айылында болжол менен 2,5 баллга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар