12:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Активист Тилекмат Куренов эки айга камалды. Ал ачкачылык жарыялайт

Активист Тилекмат Куренов эки айга Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагына камалды. Бул боюнча чечимди бүгүн Свердлов райондук соту кабыл алды.

Тилекмат Куренов бүгүн саат 16.00дөн баштап толук ачкачылык жарыяларын билдирди.

Белгилей кетсек, активист Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингге катышкан. Андан кийин аны УКМК Facebook тармагында жазган посту үчүн кармаган.

УКМКнын маалыматында, Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алуу аракети айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар