21:11
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Жаш Канат» хореографиялык балдар ансамбли Сочиде өткөн сынакта 1-орунду алды

Ж. Шералиев атындагы өнөр мектебинин «Жаш Канат» хореографиялык балдар ансамбли Сочиде өткөн «ФестЛайф» эл аралык бийчилер сынагында биринчиликти алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар ансамбли үч сынактан ийгиликтүү өтүштү.

«Фактор успеха» сынагында ансамбль Гран-При жана 1-орунду алды. «Золотая Ника» сынагында 1-орун, «Танцевальная орбита» сынагында 1-2-орундар ыйгарылды.

Калыстар тобу И. Моисеев атындагы академиялык бий ансамблинин, «Березка» мамлекеттик академиялык ансамблинин, «Тодес» шоу-балетинин жана «Гжель» бий театрынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар