16:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

МАГАТЭ Украинадан «ыплас бомбанын» изин таппаганын билдирди

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Украинанын объектилерин карап чыккан эксперттери «ыплас бомба» деп аталып жаткан куралдын белгилерин таппаганын билдирди.

Маалыматка караганда, уюмдун адистери үч өзөктүк объектини текшерип, анда жашыруун өзөктүк активдүүлүк жок экенине көбө болушту. Алар — Киев шаарындагы Өзөктүк изилдөө институту, Жёлтые Воды шаарындагы Чыгыш тоо-кен байытуучу комбинаты жана Днепр шаарындагы Макаров атындагы «Түштүк машине куруу» заводу.

Текшерүү Украинада ыплас бомба жасалганы тууралуу Орусиянын айыптоолорунан кийин Киевдин шашылыш өтүнүчү менен ишке ашты.

Орусиянын бийлиги октябрдын ортолорунан тартып Украина өз аймагында «ыплас бомба» жардырууну көздөйт деген доомат коюп келатат. Орус президенти Владимир Путин Орусиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгууларына байкоо салып жатып, «Украина чагым катары «ыплас бомбаны» колдонууну пландап жатканын» айткан.

Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрү бул айыпты чечкиндүү түрдө четке кагып, Орусия «ыплас бомба» деген дооматты көтөрүү менен өзү ал бомбаны колдонуп, аны Украинага жүктөөнү максат кылышы мүмкүн деп ырасташты. Украин президенти Владимир Зеленский Европада «өзөктүк курал колдонууну ойлонгон бир эле киши бар экенин, ал Владимир Путин» экенин айткан.

Орусия радиоактивдүү материал менен дүрмөттөлгөн жарылуучу затты «ыплас бомба» деп атап жатат. Дүрмөт жарылган маалда зыяндуу заттар толкун менен кеңири аянтка тарайт. Анын кыйратуучу натыйжасы өзөктүк куралдын чакан жарылуусуна окшош болот, ага карабай адистер аны өзөктүк бомба деп аташпайт. Мындай курал колдонулган учур дүйнөдө каттала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар