15:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Шаттык» 25 жашта. Ансамблден чоң сахнага карай жол

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. 2002-жылы ансамбль Витебск шаарында «Славян базары» фестивалында «Эң жогорку чеберчилиги» үчүн байге алат.

Кыргыз бийин даңазалап, дүйнөгө тааныткан ансамблдердин катарында хореографиялык ансамблдердин бири «Шаттык» 25 жылдыгын белгилөөдө. Бул арада 50гө жакын баланы уядан учуруп, бий устаттарын, чет өлкөдөгү балет театрларынын артисттерин даярдоого жетишти.

24.kg агенттиги «Шаттыктын» маараке алдындагы шаңына күбө болду.

Ансамблде Маданияттын эмгек сиңирген ишмерлери — үй-бүлөлүк жуптар Эрик Латыпов жана Сырга Латыпованын жетектөөсүндө 4 жаштан 18 жашка чейинки 500дөн ашуун окуучу тарбияланууда. Эрик Латыповдун айтымында, талант менен эмгекти айкалыштыра алган мээнеткеч бөбөктөр гана бий дүйнөсүнө сүңгүп талаптарга жооп бере алышат.

«Тырышчаак балдар кармалып, андан ары бийлеп кетишет. Өнөрдү үйрөнүү үчүн бир гана талант аздык кыларын кичинекей кезинен мыкты түшүнгөн балдарды көрдүк. Ошолор ийгилик жарата алды», — дейт Эрик Латыпов.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Эрик Латыпов «Шаттык» тобу менен

Сахнада тизиле чуркап, ийилип баскан кыз-балдар, устатынын көз -карашы менен айланып, уруксатсыз кирпигин да какпай бармак учу менен тик турган тырышчаак жаштар.

«Ансамблге 4 жашымда апам алып келген, кийин бара бара көнүшүп, бийлегенди жакшы көрө баштадым. Бул жылдар аралыгында тажрыйба топтоп, ар кыл иш-чараларга катыштым. Ар дайым кыймылда болгондуктан, ден соолукка да пайдасы чоң», — дейт Айгерим Ниязова.

Айгерим Ниязова
Фото Айгерим Ниязова

Бийличилерди ири иш чаралар менен чет өлкөнү кыдырып келүү мүмкүнчүлүгү дагы шыктандырат.

«Чет өлкөгө көп чыгабыз, андыктан костюмдарыбызга кызыгып жаныбызга келип таанышууну каалагандар арбын. Бийлеп жатканда кээде чешка түшүп калабы деп коркуп, кээде бийдин айрым элементтерин унутуп, жаңылып калбасак экен деп турабыз. Топту уят кылып, артка тартпасак деп тиленебиз. Ансамблге келгенден бери кыргыздын бийин таанытып, Кыргызстандын атын чыгарсам деп максат коюп келем», — дейт Анара Мамбетжусупова.

Анара Муканбетжусупова
Фото Анара Муканбетжусупова

Аты «Шаттык» болгону менен сахна артында бекем тартип, тактык биринчи орунда. Бирок, ага карабай балдар балалыгын кылып, тамашага салган учурлары да болот.

«Бир жолу кыздар ич ара мелдеше кетишти. Шарт боюнча кыргыз бийин бийлеп сахнага чыкканда эрктүүлүгүн көрсөтүп бир кызыбыз кара көз айнекчен чыгыш керек болчу. Ал кыз сөзүн аткарып, мелдешти утту. Бирок, жетекчиликтен тил уккан», — деп эскеришти бийчи кыздар.

«Шаттыктан» чыккан таланттардын арасында ансамблдин көркөм жетекчиси Эрик Латыповдун уулу Эрнест жана кызы Наиля мыкты ийгиликтерди көрсөтүп келишүүдө. Эрнест 11 жашынан тарта Санкт-Петербург шаарындагы А.Я. Ваганова атындагы Академиялык орус балет театрында билим алган. Учурда аталган шаарда мамлекеттик академиялык Мариинский театрындагы балет труппасында эмгектенет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Эрнест Латыпов

Эрнест Латыповдун репертуарында «Жизель», «Сильфида», «Баядерка», «Аккуулар көлү», «Дон Кихот», «Корсар», «Щелкунчик», «Ромео жана Джульетта» спектаклдериндеги ролдорду бар. Ал эл аралык сынактардын лауреаты, Москвада 2013-жылы коло медаль, 2014-жылы Пермь шаарында «Арабескте» 2 күмүш медаль тагынган.

Ал эми Наиля Санкт-Петербургдагы Михайловский театрында иштейт.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Наиля Латыпова

Дагы бир тарбиялануучу Рустам Надыршин учурда Санкт-Петербургдагы «Жаан алдындагы шоу» бий жамаатында, Елена Щербакова болсо Москвадагы бий ансамблдеринин биринде мугалим болуп иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар