12:47
USD 87.43
EUR 102.31
RUB 1.17

Азия чемпионаты. Раззак Бейшекеев Кыргызстанга төртүнчү алтын медалды алып келди

Фото Интернеттен алынды. Раззак Бейшекеев алтын медаль утту

Бишкектеги «Жаштык аренада» өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев 67 кг салмак ченинде жапониялык балбан Кенсуке Шимизуну 8:2 эсебинде утуп Азиянын чемпиону болду.

67 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан мекендешибиз алгач кореялык балбанды жеңип, жарым финалда ирандык балбанды эки мүнөткө жетпеген убакытта жеңип алды.

Финалда Раззак Бейшекеев жапон балбаны менен беттешип, жеңишке жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар