11:21
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.14

Бүгүн Бишкекте Николай Рерихтин экспедициясына арналган көргөзмө ачылат

Бүгүн, 26-февралда «Рерих: Сулуулуктун жарчысы. Устат, Устаттын уулу» көргөзмөсү ачылат. Ал Николай Рерихтин Борбордук Азияга экспедициясынын 100 жылдыгына жана Рерихтердин Эл аралык борборунун (Москва) негиздөөчүсү Людмила Шапошникованын 100 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи билдирди.

Анын айтымында, дүйнөгө белгилүү сүрөтчү, окумуштуу жана коомдук ишмер Святослав Рерих 1989-жылы ата-энесинин баа жеткис мурасын Индиядан өз мекенине өткөрүп берип, Москвада Николай Рерих музейин жана борборун негиздеген. Людмила Шапошникова анын ишенимдүү адамы жана музейдин туруктуу директору болуп калган.

Людмила Шапошникова — белгилүү чыгыш таануучу, жазуучу, философ, саякатчы, Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз-Орус Славян университетинин ардактуу профессору жана Николай Рерих музейинин туруктуу башкы директору (1990–2015).

1975-жылдан 1980-жылга чейин ал Рерихтин Борбордук Азияга экспедициясынын жолун (Кытайдан тышкары) жалгыз өзү басып өткөн. Бул уникалдуу саякат «Алтайдан Гималайга чейин» аттуу сүрөт альбомдун жарык көрүшүнө алып келген. Анда Шапошникова кызыктуу тексттердин автору гана эмес, таланттуу фотограф катары да белгилүү болгон.

Жалпысынан Шапошникова Рерих үй-бүлөсүнүн чыгармачылыгына жана Индия элдеринин маданияты менен тарыхына арналган 35 китеп жана 500дөн ашык макала жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар