Унаасынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылаткысы келгендер үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болду. Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик акция жарыялайт: эки жылдык уруксатты төлөө менен үчүнчү жылын бекер ала аласыз.
Ведомствонун басма сөз кызматы 24.kg агенттигине билдиргендей, алдыңкы каптал терезелерди караңгылатууга уруксат берүү кампаниясы 1-июнда башталып, 2025-жылдын 1-августуна чейин уланат.
Учурда бул уруксат 50 миң сом турат. Анын үстүнө бул акция учурунда эки жылга 100 миң сом төлөө менен үч жылга тонировкага уруксат ала аласыз.
Демилге унаа ээлери үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүгө багытталган.