Кыргызстан 2024-жылы эң коопсуз жана тынч мамлекеттердин дүйнөлүк рейтингинде 23 тепкичке көтөрүлүп, тизменин так ортосуна кирди. Бул тууралуу Экономика жана тынчтыктын эл аралык институтунун (IEP) сайтында маалымдалды.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 59-орунду ээлеп, лидер болууда. Кийинки тизмеде Өзбекстан 60-орунда, Тажикстан 72-орунда, Түркмөнстан 83-орунда.
Акыркы окуялардан улам Азербайжан 95-орундан 106-орунга, Армения 66-орундан 77-орунга, Грузия 94-орундан 100-орунга түштү.
Рейтинг боюнча дүйнөдөгү эң коопсуз 5 өлкөнүн катарына Исландия, Ирландия, Австрия, Жаңы Зеландия жана Сингапур кирген.
Тизмеде эң акыркы орундарды Украина менен Орусия ээледи. Украина 163 өлкөнүн ичинен 159-орунда, Россия Федерациясы 156-орунда.
Акыркы орунду Йемен ээледи.