15:20
USD 87.45
EUR 99.20
RUB 1.06

Муфтият Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайын чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын IX Курултайы 26-апрелде өтөт. Аны чакыруу чечимин Аалымдар Кеңеши учурдагы, 7-чакырылыштагы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Муфтияттан билдиришкендей, келе жаткан курултайдын негизги милдети Аалымдар Кеңешинин жаңы VIII курамын түзүү болмокчу.

Иш-чарага даярдык көрүү үчүн талапкерлерди тандоо үчүн жооптуу каттоо жана аттестациялык комиссия түзүлдү. Анын ишин жөнгө салуучу жобо да бекитилди.

Учурда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жаңы VIII чакырылышына мүчөлүккө талапкерлерди документтерди кабыл алуу башталды.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Маатуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;

3. Жогорку диний билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб грамматикасы жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

6. КМДБнын курамында 3 жылдан кем эмес мөөнөттө иштеген;

7. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;

8. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;

9. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

10. Мамлекеттик жана араб тилдерин ооз эки жана жазуу жүзүндө жакшы билген Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

Белгилей кетсек, мусулмандардын акыркы Курултайы 2021-жылдын 26-июнунда өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-апрель, шейшемби