USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын курамалары беттешет

13:13, 20 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 20-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Өзбекстандын курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биригимдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курама командалардын беттеши Ташкенттин «Бунёдкор» стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 22.00дө башталат.

Ал эми Бишкектин Турдакун Усубалиев аянтында (эски аянтта) саат 19:00дө футбол күйөрмандары үчүн коноктогу «Өзбекстан — Кыргызстан» беттешин көрүү үчүн ачык асман алдындагы фан зонасы уюштурулат.

Анда сиздерди эмнелер күтөт?

1. Ири 322 м² экранга ээ масштабдуу фан-зона;

2. Ысык тамак жана улуттук суусундуктар — орозо кармагандарга өзгөчө көңүл бурулат;

3. Мыкты шоу-программа — сынактар, сюрприздер, жаркын эмоциялар;

4. Оюн зонасы — футбол талаасынан тышкары да көңүл ачууну каалагандар үчүн;

5. Ыңгайлуу бинбегдер менен эс алуу зонасы — матчты максималдуу комфорт менен көр;

6. Беттештен кийин үйгө оңой жетүү үчүн коомдук транспорт каралат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика