14:54
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Алдыда Англиянын Премьер-Лигасы: Дүйнөдөгү эң кымбат футбол лигалары аталды

Дүйнөдөгү оюнчулардын жалпы баасы боюнча эң кымбат лига аталды. Бул тууралуу Sportingpedia сайты дүйнөдөгү эң кымбат лигалардын рейтингин, аларда ойногон бардык оюнчулардын жалпы болжолдуу баасынын негизинде түздү. Эки негизги аспект каралды: лиганын жалпы баасы жана ар бир мелдеште бир команданын орточо рыноктук баасы.

Биринчи орунду Англия Премьер-Лигасы ээледи — АПЛ футболчуларынын жалпы баасы 11,77 миллиард еврого бааланган.

Өлкөлөр боюнча эң кымбат 14 лига төмөнкүдөй:

1. Англия — 11,77 миллиард евро;

2. Испания — 5,29 миллиард евро;

3. Италия — 5,07 млрд евро;

4. Германия — 4,48 миллиард евро;

5. Франция — 3,52 миллиард евро;

6. Бразилия — 1,63 миллиард евро;

7. Португалия — 1,59 миллиард евро;

8. Нидерланды — 1,28 миллиард евро;

9. АКШ жана Канада (MLS) — 1,24 миллиард евро;

10. Түркия — 1,15 миллиард евро;

11. Сауд Арабиясы — 1,02 миллиард евро;

12. Аргентина — 962 миллион евро;

13. Бельгия — 960 миллион евро;

14. Россия — 914 миллион евро.

Эң көп окулган жаңылыктар