02:55
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Бишкекте күндүз бир аз жылуу болушу күтүлөт. 17-19-февралга карата аба ырайы

Бишкекте аптанын биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күндүз күн жылыйт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

17-февралда түнкүсүн кар жаап, абанын температурасы −3 градуска чейин жетет. Күндүз ала булут каптап, аба +7 градуска чейин жылыйт.

18-февралга карата күн ачык болот. Түнкүсүн термометр −5 градуска чейин төмөндөп, күндүз +12 градус жылуу болот.

19-февралда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Түнкүсүн −4 градуска чейин суук, күндүз +10 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар