Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылы 16 млрд долларды түздү. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,9 пайызга көп. Мындай алдын ала маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.
Экспорттук жеткирүүлөр көбөйүп, 3,8 млрд долларды (13,1 пайыз) түздү. Импорт көбөйүп, 12 млрд долларды түздү (2,4 пайыз).
Товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара сооданын үлүшү 31,1 пайызды, экспорт 38,6 пайызды, импорт 28,8 пайызды түздү. Ал эми үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБ кошпогондо) соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 68,9 пайызын, анын ичинде экспортто 61,4 пайызды жана импортто 71,2 пайызды түздү.