Аптанын экинчи жарымында Бишкекте кар жаабайт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
13-февралда түнкүсүн кар жаап, термометр −4 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз бир аз булут каптап, аба +5 градуска чейин жылыйт.
14-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн −7 градуска чейин суук болсо, күндүз +7 градус жылуу болот.
15-февралда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −7 градуска чейин, күндүз +7 градуска чейин жылыйт.
16-февралда ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн −3 градуска чейин төмөндөп, күндүз +6 градуска чейин жылышы күтүлөт.