15:02
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Ош мэриясына атайын техникаларды алуу үчүн 500 миллион сом бөлүндү

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын муниципалдык, коммуналдык жана жол чарба ишканаларына 500 миллион сом бөлүү тууралуу тескемеге кол койду. Документ «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.

Эске салсак, январь айынын аягында түштүк борбордун мэри Жеңишбек Токторбаев «Ош көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты» муниципалдык ишканасына барган. Ишкананын эскирген техникасын көрүп, автопаркты жаңыртууну буйруган.

Эң көп окулган жаңылыктар