Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев жакында Орусияга барып, кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн укканын билдирди. Буга байланыштуу эл өкүлү кайрылуу жасады.
«Биздин мекендештерибиз чоң кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ошондуктан, Евразия экономикалык биримдигинин уюштуруу документтеринде ЕАЭБде товарлардын жана жумушчу күчтөрдүн кыймылы ыңгайлуу режим менен камсыздалганы тууралуу макулдашуулардын аткарылышына көңүл бургум келет», — деди ал.
Медер Алиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынан келген мигранттар Россия Федерациясынын аймагындагы террордук актыларга жана кылмыштуу топторго эч качан катышышкан эмес.