Ысык-Көл облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы опузалап акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Такталгандай, аталган М.К. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүүнүн алкагында кызматтык абалынан пайдаланып, жергиликтүү тургунду «пара» берүүгө мажбурлаган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш-иш козголуп, 2025-жылдын 3-февралында, мурда алынган «параны» кайтарып берип жаткан жеринен М.К. кармалып, тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.