Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Академиясында эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өттү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чарага Терроризмге каршы күрөшүү борборунун, Эл аралык терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын, Чалгындоо жана контрчалгындоо башкы башкармалыктарынын, укуктук колдоо кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери катышты.
Тегерек столдун катышуучулары эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө байланыштуу республикадагы учурдагы оперативдик кырдаалды талкуулашты. Согуш аймактарынан (Сирия, Ирак) кайтып келгендерди реабилитациялоо жана адаптациялоо, ошондой эле аларды Кыргызстандын коомдук жашоосуна интеграциялоо механизмдери каралды.
Дискуссиянын өзгөчө бөлүгү Жакынкы Чыгыш аймагындагы кризистик көрүнүштөрдүн Кыргызстандагы диний жана коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасирине арналды. Жакынкы Чыгыш боюнча эксперттер жаңы геосаясий шарттарда террористтик уюмдардын идеологиясынын трансформациясы тууралуу, ошондой эле маалыматтык мейкиндик жана миграция аркылуу деструктивдүү идеологиялык баяндардын жайылышынын тобокелдиктери боюнча аналитикалык баяндамаларды сунушташты.
Конструктивдүү диалогдун жүрүшүндө кырдаалдын орто жана узак мөөнөттүү келечектеги өнүгүшүнө карата божомолдор айтылды. Тегерек столдун уюштуруучулары жана катышуучулары УКМК Академиясынын базасында өткөрүлгөн мындай талкуу аянтчаларынын жогорку маанисин белгилешти. Бул аянтчалар мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун жана диний ишмерлердин күч-аракеттерин бириктирип, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

