Салык кызматынын түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн ведомство жетекчилигинин жумалык жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын Инспектордук башкармалыгы мындан ары ишкердик объектилерин жеринде текшерүүнү жүргүзбөйт. Пландоо, талдоо, тобокелдиктерди баалоо, мониторинг, отчеттуулук жана методология иш-чаралардын негизги чөйрөсү болот.
Ал эми ири бизнести негизинен борбордук аппараттын кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүлөрдү Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрү жүргүзөт.
Эксперттердин айтымында, бул чечим коррупцияны азайтып, салык чогултууну көбөйтүүгө тийиш.