13:11
USD 87.45
EUR 103.14
RUB 1.15

Манас шаарындагы базардан миңден ашык куту мыйзамсыз тамеки алынды

Манас шаарындагы «Береке» базарынан мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базардын унаа токтотуучу жайынан жалпы суммасы болжол менен 133 миң сомду түзгөн 1 миң 110 даана тамеки кутусу алынды. Продукцияда акциздик маркалар жана тиешелүү коштомо документтер болгон эмес.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Кийинчерээк материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар