USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

20-декабрга карата аба ырайы

20:12, 19 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-декабрда өлкөдө түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…+2 градус болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика