Кыргызгидромет билдиргендей, 18-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош облустарында айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −6...-11, күндүз +2...+7
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −11...-16, күндүз −1...+4
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз +3...+8
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −6...-11, күндүз −3...+2
Нарын облусунда түнкүсүн −14...-19, күндүз −3...+2
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −6...-8°, күндүз +4...+6° жылуу болот.