09:18
USD 86.80
EUR 91.36
RUB 0.81

Бишкекте УКМКнын аймактык башкармалыктарынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин Биринчи Май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана мекеменин кызматкерлери катышты.

Жаңы имарат УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүн жайгаштырууга арналган.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерди бул окуя менен куттуктап, өлкө жетекчилиги ведомствонун материалдык-техникалык базасын жакшыртууга мындан ары да көңүл бурарын баса белгиледи.

Биз мындан ары да Мекенибизге чынчылдык жана сүйүү менен кызмат кылуу менен улуттук коопсуздукту чыңдоо жана коррупция менен күрөшүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев

 Комитеттин жетекчилиги кызматкерлерди өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо жана анын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар