20:22
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Телеграмда көйгөй жаралды

Telegram мессенджеринде мүчүлүштүктөр орун алды. Бул тууралуу Telegram Info каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, авария Бишкек убактысы боюнча саат 17.00 чамасында башталган. Кечигүүлөр билдирүүлөрдү жөнөтүүдө жана колдонмо экрандарынын ортосунда которулууда пайда болгон

Downdetector.su булагында миңден ашык арыздар катталган. Көйгөйлөр мобилдик тиркемеде да, компьютерлер үчүн Telegram версиясында да байкалган.

Downdetector.su
Фото Downdetector.su. Telegram бузулуу графиги

Эске салсак, буга чейинки ири өчүрүү 1-октябрдын кечинде болгон. Андан кийин сүрөттөр жана видеолорду жүктөлбөй калган, колдонуучулар да билдирүүлөрдү жөнөтүүдөгү көйгөйлөргө нааразы болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар