Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогун Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» клубу жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирдин финалы бир күн мурун Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өттү.
Беттештин жыйынтыгында 3:2 эсебинде «Мурас Юнайтед» клубу жеңип алды. Жеңүүчү кошумча убакытта гана аныкталды. 109-мүнөттө Абай Боколеев чечүүчү голду киргизди.