22:12
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Быйыл Ооганстандан Кыргызстанга товар экспорттоо 6 миллион долларды түздү

2024-жылдын январынан август айына чейин Ооганстандан Кыргызстанга 6 миллион доллар экспорттолгон. Бул тууралуу TOLOnews агенттигине Талибандын Соода министрлигинин расмий өкүлү Абдул-Салам Жавад билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн мезгилде Кыргыз Республикасынан Ооганстанга товар импорттоо 8 млн долларды түзгөн.

Ооганстандын Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорту алгачкы алты айда 58 миллион долларды түздү.

Эске сала кетсек, «Талибан» кыймылы Кыргызстанда тыюу салынган топтордун тизмесине кирген. Мурдараак Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жарыялап, анда Кыргызстандын «мурда Ооганстан Ислам Эмираты менен байланышы бар талиптердин атын тыюу салынган топтордун тизмесинен чыгаруу» чечимин жогору баалап, кубаттаган. Бул жөнүндө республикабыздын бийликтери бир күндөн кийин кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан кылдат карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесинен «Талибан» кыймылын чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктады.

«Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду колдоого багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта стабилдүү жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар