Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан — Өзбекстан беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, оюн 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында болот.
Мелдеш кечки саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат.
Эскерте кетсек, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия кубогуна дагы чыкты.
Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.