USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Бүгүн Кыргызстан-Иран футбол беттеши Ала-Тоо аянтында түз эфирде көрсөтүлөт

16:25, 05 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министригинен билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн Ирандын Исфахан шаарына жакын 15 миң көрүүчүгө ылайыкташкан Фуладшехр стадионунда өтөт.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Ал эми Ала-Тоо аянтында ачылган фан-зоонада конокторго шоу-программа, сынактар жана белектер тартууланат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын «Азия» зонасы боюнча тандоо этабынын 3-туруна чыкты. Бүгүн Кыргызстан курамасы конокто Иран курама командасы менен беттешсе, 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстанды кабыл алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика