23:28
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкек мэриясы көмүр сатуучу жайларды көзөмөлгө алды

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайларды көзөмөлгө алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жылытуу мезгили жакындап калгандыктан, көмүр сатуучу жайларда катуу отун калкка тездик менен сатыла баштады.

«Бул объекттерди муниципалдык инспекция көзөмөлгө алды. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилди», — деп айтылат маалыматта.

Тротуарлардын булгануусу байкалган жерлерде бир жуманын ичинде мыйзам бузууларды жоюу тапшырмасы берилди. Болбосо, КР Кылмыш-жаза кодексинин 434-беренесине ылайык, бул мыйзам бузуу үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом айып салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар