Бишкекте эки көчө капиталдык оңдоодон кийин ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолду капиталдык оңдоодон кийин Кумарык жана Трудовая көчөлөрүн ачалат.
Иш - чара 2024-жылга карата шаар жолдорун капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлдү.
«Кумарык көчөсүнүн Трудовая көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Трудовая көчөсүн капиталдык оңдоо иштери Москва көчөсүнөн Кумарык көчөсүнө чейин жүргүзүлдү», - деп билдиришти муниципалитеттен.