16:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Самбо боюнча Улуттук курама команда Дүйнө кубогунда 13 медаль утушту

Кыргызстандын самбо боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, команданын эсебинде 13 медаль бар: 2 күмүш жана 11 коло. Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты.

Күмүш медаль ээлери:

— Саяк Бараканов (64 кг, күжүрмөн самбо);

— Адилет Кубаныч уулу (64 кг, спорттук самбо).

Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло медаль ээлери:

— Байэл Жакшылыков (79 кг);

— Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);

— Фарух Мамажанов ( 88 кг),

— Шахрер Идирисов (98 кг);

— Бекболот Токтогонов (98+ кг).

Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээлери:

— Курманбек Замирбек уулу (71 кг);

— Шерзат Кудайбердиев (71 кг).

Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова 50 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
30-сентябрь, дүйшөмбү