04:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Кыргызалтын» геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензияга ээ

«Кыргызалтын» геологиялык чалгындоо жана кендерди иштетүү үчүн 15 лицензияга ээ болду. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, лицензиялар жер казынасын пайдалануу жаатындагы өкмөттүн реформасынын аркасында алынган. Жаңы эрежеге ылайык, мамлекеттик үлүшү 50 жана андан көп пайызды түзгөн компаниялар геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны милдеттүү түрдө сынак же аукцион өткөрбөстөн эле ала алышат. Ири жана орто алтын жана күмүш кендерин иштетүүгө мамлекеттин милдеттүү катышуусу 30 пайыздан кем эмес болушу керек.

— Үңкүрташ ири алтын кени (Үңкүрташ, Каратөбө, Сарытөбө);

— Теректин жана Каракаланын алтын жана жез кендери;

— Чакуш алтын кени;

— «Миронов» алтын жана жарым металлдар кени;

— Балажан кварцит кени;

— Чекчей кварц кени;

— Миң теке көмүр кени;

-Таш-Булак участогу, Кызыл-Омпол кени.

Эң көп окулган жаңылыктар