04:25
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

«Кыргызалтын» ишканасы Кара-Балта шаарында алтын куймаларын чыгаруучу завод ачат

Август айында Кара-Балта шаарында алтындын чендик куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев маалымат жыйынында билдирди.

Заводду ишке киргизүү Кара-Кыргыз Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жана республика боюнча 100 өнөр жай объектисин ишке киргизүү планынын алкагында болмокчу.

Август айында «Кыргызалтын» ишканасы Мироновское кенинен алгачкы тонна руданы казып ала баштайт. Кара-Балта тоо-кен комбинатынын ишин активдештирип, Кызыл-Омпол кениндеги металлдар менен минералдардын тобун комплекстүү иштетүүгө киришүүдө.

«Республикада алтын, сурьма, жез, сейрек кездешүүчү элементтер, калай, вольфрам, молибден, ванадий, магний жана башка кендерин казып алуу жана кайра иштетүү боюнча зор мүмкүнчүлүктөрдү аныктадык», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар