13:46
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Садыр Жапаров Париждеги жайкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франция президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

Эң көп окулган жаңылыктар