USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Садыр Жапаров БУУнун баш катчысына эмне белек кылды?

16:51, 02 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды.

Президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш комуз түрүндө курулган пирстен басышты, ошол жерден аларга улуттук кийимчен комузчулар фольклордук музыканы аткарып беришти.

Андан соң президент Садыр Жапаров терең урматтоо иретинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке эстеликке белегин, улуттук аспап — комузду тартуу кылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18