БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Анын Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга барары такталган. Эске салсак, Антониу Гутерриш 2017-жылы аймакта болгон.
Маалыматка ылайык, ар бир өлкөдө баш катчы президент жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушат, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлор менен таанышып, жергиликтүү активисттер менен баарлашат.
Турдун биринчи аялдамасы Ташкент.
4-июлда Астанада баш катчы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат. Өз сөзүндө Антониу Гутерриш форумдун катышуучуларына БУУнун Уставынын жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын негизинде көп тараптуулук принциптерине берилгендигин ырастоо зарылдыгын эскертет.
БУУнун Башкы катчысы ошондой эле геосаясий пикир келишпестиктер жалпы коркунучтарды, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү эффективдүү жок кылууга мүмкүндүк бербей турганын эл аралык коомчулукка эскертүүнү көздөйт.

