07:31
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Акжол Махмудов Польшадагы эл аралык мелдеште алтын утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.

77 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач украиналык спортчуну 12:2 эсебинде, андан соң алжирлик спортчуну 9:1 эсебинде, ал эми колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Финалда Махмудов польшалык Патрик Беднарц менен кез келип, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Эң көп окулган жаңылыктар