12:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн «Алыкул фест» АРТ фестивалы башталат

«Алыкул фест» Арт фестивалы 13-15-июнь күндөрү А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында өтөт.

Фестивалда кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармаларын тектеш түрк элдерине жана кыргыз окурмандарына пропагандалоо, акындын өмүрү жана чыгармачылыгын кыргыз журтчулугуна кеңири тааныштыруу, анын туулуп — өскөн Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексине экспонаттарды, адабий, илимий маалыматтарды кеңири топтоо, адабият жана маданият аркылуу Чүй облусунун аймагында туризмди кеңири жайылтуу максатында адабий, маданий, илимий чыгармалардын, сүрөт, скульптура, кол өнөрчүлүк сынактарын камтыйт.

Фестивалдын алкагында чыгармачыл ышкыбоздордун арасында атайын сынак жарыяланып, кыргыздын залкар акыны А.Осмоновдун чыгармаларын унутпай эскерүү жана жаңы муундун көркөм эстетикалык табитин тарбиялоо милдетин аркалайт.

Фестивалдын жыйынтыгы менен тандалып алынган адабий, илимий маалыматтар кеңири топтолуп, 2025-жылы өтө турган Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын республикалык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар башталмакчы.

Ал эми, «Алыкул фест» Арт фестивалынын сынактарында жеңүүчү деп табылган авторлордун эмгектерин «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана анын негизинде кабыл алынган ченемдик актыларга ылайык Музейдин фондуна кабыл алынмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар