Бүгүн, 12- июнда Бишкек экинчи эл аралык кинофестивалдын алкагында Иран киносунун жумалыгы башталат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумалыктын ачылышы 12- июнь күнү саат 13:00 Бродвей (Азия Молл) кино театрында башталат.
Иш-чаранын алкагында Ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
12 июнь:
— 13:30 — «Алдын ала келишим жок» (2022), режиссер Бехруз Шоайби;
13 июнь:
— 10:30 — «Капитан» (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;
— 13: 00 — «Факультеттеги экинчи курсум» (2019), режиссер Расул Садыр Амели;
14 июнь:
— 10: 30-" Дельфин бала " анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
— 13: 30 — «Кыздар тобу» (2022), режиссер Монир Гейди.

