06:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Аймактык реформа. Бишкектин жаңы Башкы планы иштелип чыгат

Бишкектин жаңы Башкы планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кенешинин сессиясында борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев билдирди.

Депутаттар «Бишкекбашкыархитектура» административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган калктуу конуштар үчүн кандай өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын сурашты.

Урмат Карыбаев борбор калаанын аянты кеңейгендиктен «Бишкекбашкыархитектура» жаңы Башкы пландын үстүндө иштеп баштаганын айтты.

Эскерте кетсек, Бишкектин учурдагы Башкы планы 2006-жылы ноябрда өкмөттүн токтому менен 2025-жылга чейин бекитилген.

Кыргызстанда пилоттук режимде алты облуста, Бишкек жана Ош шаарларында административдик-аймактык реформа башталган. Борбор калаанын аянты 38,6 миң гектардан 12,9 миң гектарга чейин чоңойгон.