17:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мэрия 2024-жылы Бишкектин борборунан маршруткаларды алууну пландап жатат

Бишкекке 1 миң 300 автобус алынып келинсе, маршруткалар шаардын борбордук бөлүгүнөн алынат. Бул тууралуу журналисттерге вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, азырынча сөз Курманжан датка — Түштүк магистралы — Садырбаев — Жибек Жолу көчөлөрү менен чектелген аянт тууралуу болуп жатат.

«Бардык автобустар келгенде шаардын муктаждыгы жабылат. Маршруткалар болуп калат, алар борбор калаанын четинде каттайт», — деди аткаминер.

Ал болжол менен келерки жылдын экинчи жарымында автобустар маршруткаларды алмаштыра турганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар