19:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мурдакы мэрге таандык имарат бузулду. Иса Өмүркулов өзү келип күбө болду

Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркулов өзүнүн имаратын бузулуудан коргоого аракет кылган. Бул маалыматты 24.kg агенттигине вице-мэр Нурдан Орунтаев тастыктады.

Анын айтымында, Иса Өмүркулов имаратка келген.

«Ал экөөбүз сүйлөштүк. Ага мэр болуп турганда шаарды иретке келтириши керек болчу дедим. Бүгүн биз анын жумушун кылып жатабыз», — дейт Нурдан Орунтаев.

Вице-мэр мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланарын белгиледи.

Эске салсак, 23-майда мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жетекчилери менен жолугуп, Манас проспектин оңдоо жана жол жээгиндеги бардык имараттардын босоголорун, рекламалык баннерлерди иретке келтирүү тапшырмасын берген. Андан кийн, мэрдин орус басары Нурдан Орунтаев жана Биринчи май районунун башчысы Максат Сазыкуловдун катышуусунда рейд жүрүп,
Манас-Айтматов проспектилериндеги мыйзамсыз курулган объектилерди, алардын сыртка чыгып турган босоголорун жана тосмолорун демонтаждоо башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар