02:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сурдо грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи

Бишкекте сурдо грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирдин жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында 65 килограммга чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. Ал эми Садыралиев Бексултан коло, Тариел Садырбеков жана Уланов Арлен үчүнчү орунду ээледи.

Өспүрүмдөр бөлүмүндө Абдрасул Исмаилов биринчи орунду багындырса, Чолпонбек уулу Сыдык экинчи орунду алды.

Чоңдор арасында 72 килограммга чейинки салмак категориясында Сүймөнкул Икрамов, 97 килограммга чейин Нарту Абдурахманов жана 67 килограм салмакта Динмухамед Бигелдиев алтын медалдын ээлери болушту. Күмүш медалды Дастан Рыспаев багындырды. Ал эми Смадияр Жумакадыров коло медаль тагынды.

Жыйынтыгында, командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи. Биринчи орунду Түркия, экинчи орунду Иран Ислам Республикасы алды.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты 3-сентябрда башталып, 11-сентябрында жыйынтыкталат. Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышып, Кыргызстандын намысын 15 балбан коргоп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар