18:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сочиде кыргыз жараны 19 жылга эркинен ажыратылды

Сочиде кыргызстандык жаран зордуктоо жана адам өлтүрүү үчүн 19 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Краснодар крайы боюнча РФнын Тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 2022-жылдын август айында катталган. 28-жаштагы Кыргызстандын жараны мас абалында көрүстөндө 30-жаштагы аялга жолугат. Аял аны көрүстөндүн кызматкери катары кабыл алып, тууганынын мүрзөсүн табуу үчүн жардам сурап кайрылган.

Кыргыз жараны жардам бермекчи болуп, аялды көрүстөндүн ичине алып кирип, кол салган.

«Зордуктоодон кийин жабырлануучуну муунтуп өлтүрүп, анын буюмдарын, анын ичинде банк картасын алып кетип, аны менен азык-түлүк дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн. Кыз чоң апасынын мүрзөсүндө ажал тапкан», — дейт Краснодар крайынын пресс-кызматы.

Сот отурумунда кылмышкер өкүнүп, мас болгондугун мойнуна алып, маркумдун апасынан кечирим сураган.

Сот кыргызстандыкка 19 жыл эркинен ажыратуу жазасын берди. Биринчи алты жылды ал түрмөдө өткөрүшү керек, ал эми калганын катаал режимдеги колонияда. Мындан тышкары ага 60 мин рубль айып пул салынды. Сот маркумдун туугандарынын моралдык, көмүүгө кеткен материалдык чыгымдын кенемтесин төлөп берүү доосун канааттандырган.
Өкүм азырынча күчүнө кире элек.

Эң көп окулган жаңылыктар