19:46
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

2023-жылы майнингден 93,7 миллион сом салык түшкөн

Жалпысынан өткөн жылы Кыргызстандын казынасы майнинг салыгынан 93 миллион 730,8 миң сомго толукталган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетунда айтылат.

Декабрда бюджетке майнинг салыгынан түшкөн каражат 15 миллион 91,5 миң сомду түзгөн. Бул 2023-жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Бир ай ичинде түшкөн каражаттын көлөмү дээрлик эки эсеге — 7 миллион 450,9 миң сомго өстү. Буга чейин майнинг боюнча салыктын жогорку деңгээли август (11,6 миллион), июнда (10 миллион 544,3 миң) жана июлда (10 миллион 414,8 миң) белгиленген.

Төлөмдөр жылдын экинчи чейрегинен тартып активдүү өсө баштаган. Апрель-август айларында бюджетке 49 миллион 180,7 миң сом же бардык төлөмдөрдүн 88 пайызы түшкөн.

2023-жылдын февралында майнингден бюджетке 738 миң сом төлөнгөн. Бул жыл ичиндеги эң аз көрсөткүч.

Эң көп окулган жаңылыктар