00:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бир ай ичинде майнингден түшкөн салык 414 миң сомго өстү

Ноябрда майнинг салыгынан бюджетке 7 миллион 640,6 миң сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетунда айтылат.

Бир ай ичинде көрсөткүч 414 миң сомго өстү. Жыл башынан бери бул салыктан эң чоң киреше август айында түшкөн — 11,6 миллион сом. Буга чейин которуулардын жогорку деңгээли июнь (10 миллион 544,3 миң сом) жана июль айларында (10 миллион 414,8 миң) белгиленген.

 11 айдын ичинде эле казына бул салыктан 78 миллион 639,2 миң сомго толукталды.

Төлөмдөр жылдын экинчи чейрегинен тартып активдүү өсө баштаган. Апрель-август айларында бюджетке 49 миллион 180,7 миң сом же бардык төлөмдөрдүн 88 пайызы түшкөн.

2023-жылдын февралында майнингден бюджетке 738 миң сом төлөнгөн. Бул жыл ичиндеги эң аз көрсөткүч.

Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандагы майнинг-фермалар чакан ГЭСтердин ээлерине таандык экенин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар