22:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Токмокто мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды

Энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө республиканын мамлекеттик энергетикалык ишканаларынын электр тармактарына мыйзамсыз майнинг-фермага кошулуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштардын бирдиктүү ресстрине маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрү материалдын алкагында, автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык совети коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшинская көчөсүндө жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютаны ишин жүргүзгөндүгү аныкталган.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электростанциясынын кызматкерлеринин жана КР жараны 1988-жылы туулган Д.Т.А. катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн S9 жана L3 маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды. Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.

Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 миллион сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар